Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Айпери Медет кызы Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынды

13.08.2022 08:58
663
Эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Айпери Медет кызы Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынды

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль утту.


Ал жарым финалда түркиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген.


Ал эми финалдык беттеште Айпери Медет кызы камерундук спортчуну 10:0 эсебинде утуп алды.


Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Тынар Шаршенбеков Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге ээ болду.


Тынар Шаршенбеков жалпы 2 жеңиш менен финалга чыккан. Алгач алжирдик, жарым финалда түркмөнстандык балбанды 8:6 эсебинде жеңген.


Финалда ирандык Ширзад Бехештитала менен беттеште 2:4 эсебинде жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн