Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабына Эдгар Бернхардт кирди, ал башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Белгилей кетсек, Бернхардт 2022-жылга чейин Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочу амплуасында ойноп, команда үчүн 41 оюн өткөргөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн