Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгындагы мүчүлүштүккө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана төрайымы түшүндүрмө бериши керектигин айтты.
Мындай пикирин ал "Азаттык" үналгысынын берүүсүндө билдирди.
"Министрлер кабинетинин буга эч кандай тиешеси жок. Президенттин администрациясы катардагы жарандардай эле экрандан жыйынтыкты көрүп турдук, катардагы жарандардай эле суроолорубуз көп. Түшүнгөн жокпуз",- деди Байсалов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн