Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эдил Байсалов Бахрейндин делегациясы менен жолугушту

03.08.2022 16:47
386
Эдил Байсалов Бахрейндин делегациясы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун директору Ахмед Аль-Шейх жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары республиканын туристтик мүмкүнчүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.


Ошондой эле ал КРнын финансы институттары менен түз байланыштарды жайгаруу, атап айтканда, банк иши, финансы, блокчейн технологияларын колдонуу сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Өз кезегинде Бахрейндин банк иши жана финансы институтунун жетекчиси өз ара кызыкчылыктарды туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирди.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн