Мамлекет башчыбыз баш болуп, Кыргызстанда камалбаган саясатчы деле калбады. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда кылмыш ишин козгоо оңой эле иш.
"Азыркы учурда Кыргызстанда камалбаган деле саясатчы калган жок. Мамлекет башчыбыз баш болуп камалып же соттолуп чыккан. Талантбек Орускуловичке козголгон кылмыш иши жок. Эгер болгон күндө да ал соттолгон эмес",- деди Байсалов.
Депутат Улугбек Ормонов Талантбек Имановго "Улан" ишканасынын жетекчиси катары иш козголгону факт экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн