Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:24
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эдил Байсалов чек арадагы айылдын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

18.05.2022 15:44
559
Эдил Байсалов чек арадагы айылдын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусундагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Эдил Байсалов Баткен шаарындагы жогорку класстын окуучулары менен баарлашты. Ошондой эле Тажикстандын Ворух анклавына жакын Баткен районунун Ак-Сай айылында жайгашкан Б.Ходжаев атындагы мектепте болду.


Жолугушуулардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө токтолуп, учурда суроо-талапка ээ болгон жана келечектүү кесиптердин өзгөчөлүгүнө токтолуп, жогорку окуу жайларына тапшырууда адистикти туура тандоо боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.


Катышуучулар облустагы билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу, чек арага жакын аймактардагы бүтүрүүчүлөр үчүн атайын бюджеттик орундарды бөлүп берүү жана облустагы кадр жетишсиздигин чечүү боюнча суроолорун беришти.


Бардык суроолор боюнча министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсаловдон жана жолугушууга катышкан тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн кеңири түшүндүрмө алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн