Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Эдил Байсалов христиан көрүстөнүндөгү окуяны талкуулады

08.02.2022 20:19
957
Эдил Байсалов христиан көрүстөнүндөгү окуяны талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Эдил Байсалов пикир алышууда белгилегендей, мамлекет жетекчилиги Кыргызстандагы Орус православдык чиркөөсү менен өз ара мамилелерге жогорку маани берет жана православиени өлкөдөгү салттуу диндердин бири катары кабылдайт. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары епископ менен православдык коомчулукта болуп жаткан учурдагы жаңылыктар тууралуу сүйлөштү. Эдил Байсалов көрүстөндөрдөгү вандализм фактылары боюнча тынчсыздануусун билдирди жана мамлекеттик органдар мындай көрүнүштөргө карата мыйзам чегинде тийиштүү иштерди жүргүзөт деп ишендирип кетти.


Жолугушуунун жүрүшүндө конфессиялар аралык ытымакты чыңдоо, диний тармактагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар үстүбүздөгү жылдын жай айларында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Свято-Троицк Чиркөөсүндөгү Кудай Энесинин Тихвин иконасынын 125 жылдыгын майрамдоо маселесин талкуулады, ага ылайык, 2022-жылы Каракол шаары КМШ маданий борбору катары жарыяланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн