Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Эдил Байсалов калкты эмдөөдөн өткөрүү өнөктүгүн күчөтүү тапшырмасын берди

21.01.2022 09:47
660
Эдил Байсалов калкты эмдөөдөн өткөрүү өнөктүгүн күчөтүү тапшырмасын берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.


Саламаттык сактоо министрлиги учурда өлкө орун алган эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.


Андан соң кеңешменин катышуучулары өлкөдөгү карантиндик абалга байланыштуу маселелерди талкуулады.


Атап айтканда, Саламаттык сактоо министрлигинин жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун кайра карап чыгуу маселеси көтөрүлдү, анда 2020-2021-окуу жылында окуучулардын реалдуу режимде окуу процессин калыбына келтирүүдө жалпы билим берүү уюмдарынын ишинде коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы чараларды сактоо боюнча иш-аракеттер алгоритми белгиленген.


Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 27 буйругун күчүн жоготту деп таануу маселеси каралды.


Эске салсак, буга чейин бул документ республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында иштелип чыккан.


Жыйындын соңунда Саламаттыкты сактоо министрлигине калкка өз учурунда сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууну күчөтүү, ошондой эле калкты эмдөө өнөктүгүн улантуу тапшырылды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн