Баш оона 14, 2025
Убакыт: 18:15
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.090
1.125

Эдуард Кубатов К2 чокусуна чыгуусун Эгемендүүлүк күнүнө арнады

14.08.2025 14:27
12
Эдуард Кубатов К2 чокусуна чыгуусун Эгемендүүлүк күнүнө арнады


Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү экинчи бийик чоку — Пакистандагы К2 (8611 м) чокусун кычкылтексиз багындырды.


Спортчунун айтымында, ал чокуга 11-август күнү саат 17:00дө жетип, 13-август күнү эртең менен базалык лагерге аман-эсен түшкөн. Кубатов бийиктикке чыгуу оор шарттарда болгонун, айрым катышуучулар түшүүдө оор жаракат алып, бир альпинист каза болгонун белгиледи.


"Жеңишти Эгемендүүлүгүбүзгө арнайм жана биздин улуу элибиздин бир бөлүгү болгонума сыймыктанам! Азыр биз Скарду шаарын көздөй баратабыз. Бир аз ден соолугум начар, бирок мен мекениме кайтып жатам", — деп жазган Кубатов.


Ал чокуга чыккандагы видео жана сүрөттөрдү интернет тарткан аймакка кайтып келгенден кийин жарыялай турганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн