Жалган курандын 04, 2024
Убакыт: 21:29
USD
89.40
89.72
EUR
96.70
97.70
RUB
0.967
0.995

Ээнсиреген стадион. Чемпиондор лигасынын оюну күйөрмандарсыз өттү (фото)

12.03.2020 11:28
1382
Ээнсиреген стадион. Чемпиондор лигасынын оюну күйөрмандарсыз өттү (фото)


Футбол боюнча эң беделдүү мелдеш болуп саналган Чемпиондор лигасынын плей-офф баскычындагы “ПСЖ” жана “Боруссия Дортмунд” командаларынын жооптук оюну коронавирус илдетинен улам бош трибунада өттү.


Алгачкы оюн Дортмунда өтүп “Боруссия” 2:1ге жеңген эле. Парижде өткөн жооптук беттеште “ПСЖ” 2:0  эсебинде жеңип ¼ финалга чыкты.


Ошондой эле учурдагы Чемпиондор лигасынын учурдагы жеңүүчүлөрү “Ливерпуль”,  “Атлетико” командасынан эки оюндун жыйынтыгы менен 2:4 эсеби менен жеңилип мелдештен четтеди.


Мындан сырткары, чейрек финалга “Аталанта” жана “РБ Лейпциг” командалары чыкты.


1/8 финалдын калган оюндары 18-19-март күндөрү күйөрмандарсыз орун алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн