Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бечелге жөтөлдүн кереги жок эле! Пандемия Кыргыз футболун кыйратабы?

20.04.2020 13:25
1192
Бечелге жөтөлдүн кереги жок эле! Пандемия Кыргыз футболун кыйратабы?


Коронавирус илдетинен улам дүйнөдө жана Кыргызстанда көптөгөн ири компаниялар банкрот болууда. Анын натыйжасында экономикалык эмес тармактар да зыянга учурап, айрымдары кыйроо алдында турат. Пандемиядан улам жаралып жаткан кризистен айрыкча спорт жааты көп запкы тартчудай болуп турат.  Анткени алардын оюндары токтоп, билеттер, телетрансляциялар сатылбай калды.  Жогоруда айтып өткөн банкрот болуп жаткан компаниялардын арасында спортко демөөрчүлүк кылып келгендери да бар болчу.  


Мына ушундай кыйын кырдаалда Кыргыз футболунун тагдыры кандай болот, пандемиядан канчалык зыян тартышы мүмкүн саресеп салып көрөлү. Себеби жай учурда каражат жагынан аксап өнүгө албай келген Кыргызстандагы футбол жааты мындай кыйын кырдаалда кыйроого учуроо коркунучу да бар.  


Анткени азыр пандемиядан улам айрым футбол клубдар жабылган окуялар дүйнөдө орун алып жатат.  Алыс барбай эле Россиянын чемпионатына токтолсок. Россиянын Владивосток шаарынын губернатору коронавирустан улам “Луч” командасын каржылоону токтотту. Мындай көрүнүш спорт анча өнүкпөгөн Кыргызстанда болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.


Анткени өлкө чемпиондугунда катышып жаткан 9 команданын үчөөсү, кризистен улам жабылган "Луч" командасындай эле мамлекеттик бюджеттен, тактап айтсак Ош, Бишкек жана Кара-Балта шаарларынын мэриясы тарабынан каржыланып келген. Мындан сырткары командаларга демөөрчүлүк кылып келген Дордой жана башка курулуш компаниялары пандемиядан улам ашык чыгымдарды кыскартуу максатында командаларды каржылоону токтотушу мүмкүн.  


Учурда өлкөнүн сырткы карызы өсүп, ички өндүрүшү токтоп, салыктар түшпөй турганда командаларды каржылоону мэриялар токтот деп көпчүлүк спорт эксперттери прогноз берүүдө.


Анда өлкө чемпиондугуна катышуудан “Алай”, “Алга”, “Кара-Балта” командалары четтеп калуулары ыктымал. Мындан сырткары “Илбирс”, “Лидер” жана “Каганат” командалары да банкрот деп жарыялануусу мүмкүн. Мындай кырдаалда финансылык жактан бекем деп эсептелинип келген “Абдыш-Ата”, “Дордой” жана “Нефтчи” командалары гана калат. Ал эми 3 команда менен өлкө чемпиондугун өткөрүүнү элестетүү да кыйын.  


Кыргыз Премьер лигасы командаларды каржылоого эмес, айрым учурларда уюштууру иштерине каражат таппай калганын эстесек, анда 2020-жылы өлкө чемпиондугу өтпөй калуусу толук ыктымал.


Кантседа кейиштүү абалда турган ички чемпиондугубуздун токтоп калышы мамлекет катары коңшу өлкөлөрдөн 15-20 жыл артта калганыбыздан кабар берет.


Кыргыз Премьер лигасында 9 команда бар болсо, Улуттук лиганын “А” жана “Б” зоналарын кошкондо жыйырмадан ашык клуб бар. Демек футболдун токтоосу менен жок эле дегенде миңге жакын адам жумушсуз калат. Ал эми Кыргызстан эл аралык аренада 1 баскыч артка кетет.


Коңшу өлкөлөрдүн абалы бизге караганда алда канча жакшы


Кыргызстан сыяктуу экономикасы өнүкпөгөн Тажикстан менен Түркмөнстанда футбол токтогон, анын үстүнө коронавирус бул өлкөлөргө жетпеди. Мындан улам бул эки мамлекет эч нерсе болбогондой чемпиондуктарын уланта берет. Ал эми Казакстан менен Өзбекстандын экономикасы жана ички чемпиондуктары жөнгө салынган бул эки өлкө дүйнөлүк пандемиядан кийин кыйналса да, 3-4 айдын ичинде абалын турукташтырып алат.

 

Мындай учурда Азия футбол конфедерациясы каражат бөлүп же элим деген азаматтар колдоо көрсөтпөсө абал оор.

 

Буга чейин 8-майдан тарта өлкө чемпиондугу улантылат деп айтылган. Бирок карантин 30-апрелге чейин узартылганына байланыштуу, Кыргыз Премьер лигасы ал убакыттан кеч башталып же таптакыр өтпөй калуу коркунучунда турат.


Бул бир гана футболдогу мисал. Ал эми баскетбол, волейбол сыяктуу дүйнөлүк оюндар Кыргызстандын мектептериндеги спорт залдарда гана кала берүү коркунучунда турат!



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн