Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:35
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Эгемендиктин эйфориясы жана трагедиясы жөнүндө тезистер

30.08.2021 10:54
1493
Эгемендиктин эйфориясы жана трагедиясы жөнүндө тезистер


Бул материалды Айтматов айтмакчы, “айтаарга сөзүм, салаарга кушум жок” калгандыктан эле жазган жокмун. Эгемендүүлүгүбүзгө 30 жыл болуп жаткандан кийин республикабыздагы саясый процесстерге кийинки 40 жылдан бери тыкыр көз салып жүргөн адам катары, чоң саясаттын ичинде (КР ЖКнын депутаты, дин комиссиясынын эки жолку төрагасы) жана сыртынан иликтеп (саясый илимдеринин доктору, профессор), изилдеп жүргөн инсан катарында өз көз карашымды кыскача тезис формасында болсо да билдирүүнү өз милдетим деп эсепейм. 


1. Акаевдин мезгилинде Орто Азиянын бир да республикасында биздегидей “реформалар” болгон жок. Биз адегенде чындап эле демократиянын аралчасы болуп калгансыдык. Ошол кезде бизге бу коңшу республикалар гана эмес, Балтика боюндагы республикалар да суктанышчу, биз өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан саясый процесстерге, демократияга жүз бурган реформаларга мыйзамдуу түрдө сыймактанчубуз. Мен экономист же чарбагер эмесмин. Бирок колхоз-совхоздордун жоюлушу (мүмкүн кандайдыр бир кемчиликтер болгондур) биздин калктын психологиясын өзгөрттү. Албетте, бул өтө оор жана узакка созулган процесс болду. Эми эл “өкмөт берет, өкмөт багат” деген догурунма адаттан арылышты. “Өзүмдү өзүм багышым керек” деген ой элге сиңди. Бирок бул процеес кандай жүрдү, акыйкаттык эмнеден бузулду, мында мамлекеттин ролу кандай болот эле. Бул башка кеп.


Ал эми Исхак Раззаков мезгилинде жан үрөп, Кыргызстан качандыр бир кезде өзүнчө мамлекет болот деп Москва менен талашып жүрүп курдурган, жергиликтүү гана сырьедо иштей турган жүн, тери, эт, сүт, май, пахта, жибек ж.б. ири ишканалар эмне үчүн талкаланды? 


2. Акаев өзүнүн алгачкы беш жылдык мөөнөтүндө эле коңшу президенттердин жолуна ыктай баштады. Аны сүрөп бийликке алып келгендерди өзүнөн алыстатып, комсомолдон чыккан шылуун жигиттер аны курчап алышты, аларга кийин үй-бүлөсү кошулду. Иши кылып, 15 жылдан кийин да кеткиси келген жок. Анан эл толкуй баштаганда ал Москвага кире качты. Мына ушул кырдаалда Бакиев бийликке келди. Профессор Акаевдин өтө эле эстүү, акылдуу сөздөрүнөн жадаган эл эми “сөөгүнөн чучугуна чейин чарбагер адам келди” деп дагы кубанды. 


Бакиевдин тушунда экономисттердин айтымында, республиканын экономикалык жагдайы көз көрүнөө оңолгон. Бүгүн да ошол деңгээлге жете электигин дайыма белгилешет. Бирок Акаевдин үй-бүлөсүнөн тажаган эл Бакиевдин уулунун жана инилеринин ири кызматтарда болушун жактырган жок. Ошол эле кезде коомчулук өтө сыйлаган кыргыз саясатындагы ошол кездеги экинчи, үчүнчү инсандар, кыргыздын “акыл-эси, ар-намысы” болуп жүргөн адамдар анын уулдарын жана инилерин жакшы профессионал адистер деп официалдуу эле айтып жүрүшпөдүбү. Албетте, Бакиевде да кемчиликтер болду. Аны өзү да “инилеримди жана балдарымды ишке коюш менин кемчилигим болсо керек эле” деп белгилегени бар.


Ал эми аны кетирүү планы өтө жашыруун иштелген. Муну ошондогу Убактылуу өкмөттүн деле көбү билген эмес. Алар жөн эле фон болушкан. Кан төгүлүшү, токсонго жакын уулдарыбыздын курман болушу (ошол кездеги прокурор Байболов 17 адам деп жүрөт), аны он жылдан бери Бакиевге төңкөрүп коюшу коомчулукту ынандырбай келет. Деги эле президенттин же дагы бир официалдуу адамдын “аткыла!” деп буйрук бериши күмөн. Ал эми ошондой буйрук болгондо да өзүбүздүн эле жигиттер адамдарды чымчык аткандай эле аткылашы мүмкүн эмес. Ошол мезгилде Атамбаевди орус желдеттер кайтарышы, алар официалдуу орус бийлиги тарабынан келдиби же бөтөлкөлөш орустун ири чиновниктери акчага башкесерлерди таап беришкенби? Бекназаров тапкан снайпер кайда? Ал ким экен? Суроолор көп, бул аягына чейин изилдениши керек. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кийин Атамбаевди кайтарган орус жансакчыларын көрүп, “кан төгүү менен болсо да бийликти алыш керек” дегенине таңкалышканын айтып жана жазып жүрүшөт. 


3. Атамбаевдин бийликке келиши өзүбүздө жана эл аралык деңгээлде Кыргызстандын аброюн биротоло жерпай менен тең кылды. Коңшу республикаларда “президентиңер келесоо экен” десе, өлбөгөн төрт шыйрагың калып, “андай эмес” деп талашып, кер-мур айтышкан кездер да болду. Мындан биздин республика аркылуу контрабандалык жүктөр өтүп турду. Бул тууралуу Каримовдун бир эскерткени бар. Альтернативдүү жол, ТЭЦ, электр чубалгылары 2-3 эсе кымбатка элдин мойнуна түштү, кызмат орундары, депутаттык креслолор жалаң акча менен болду. Элде бийликке болгон ишеним биротоло кетти. 


Парламентти толук өзү түзүп, каалаган мыйзамдарын өткөргөн. Аягында Конституцияны өзгөртүп, эми Кой-Ташта жай гана Кыргызстанды башкарып жатам деп ойлогон. Ошондуктан колбала Жээнбековду президенттикке алып келген. Бирок тез эле Атамбаевге агып келип турган финансылык булактар соолуй баштаганда экөөнүн ортосу сууду да, аягы Атамбаевдин кармалышы менен бүттү. 


Атамбаевдин камалышы менен Жээнбековдун аброю өстү. Эл арасында “кыргызга миң жылда бир келчү апаатты (Талгарбеков) камады” деп жакшы маанай жаралганы менен коомчулуктун купулуна толгон иштерди ыкчам жасай албай, Жогорку Кеңешке болгон шайлоону таза өткөрбөй, тез эле өзү да кетти. Булардын баары кечеги тарыхыбызга кыскача экскурс, жогоруда эскертилгендей, экономикалык жагдай жөнүндө өзүнчө жана өзгөчө сөз кылуу зарыл. Ал үчүн бизде тажрыйбалуу практиктер жана окумуштуулар да жетиштүү. 


4. Учурдагы эң кооптуу маселе – түндүк-түштүк маселеси. Көсөм жетекчи Исхак Раззаков бул маселеге ташка тамга баскандай так, ачык жооп берип, элдин көксөсүн сууткан. Түгөлбай Сыдыкбековдун айтымында, Исхак Раззаков республиканы дагы 10-15 жыл башкарганда бул маселе биротоло жок болмок эле. Андан кийинки чейрек кылымда бул маселе айтылбаганы, көтөрүлбөгөнү менен эң көп талкууланган, эң көп күбүр-шыбырды пайда кылган тема бойдон калып келди. Ушул жерде кичинекей бир көрүнүштү кыстара кетейин. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын түштүктөн шайланган бир топ депутаттары Абсамат Масалиев менен кайсы бир иш-чарада чогуу болуп калдык.


Арабыздан бирөө “Абсамат Масалиевич, кечээ бир топ депутаттар менен бирге Турдакун Усубалиев катышкан бир мааракеде болуп калдым. Ал киши менин түштүктөн экенимди билбейт окшойт, “бийликти түштүккө бербеш керек” деп сүйлөдү. Биз да бирикпейлиби, сиз биздин башыбызда туруңуз” деп калды. Ошондо Абсамат Масалиевич өтө капа болуп, “алакандай кыргыз болсок, анан ич ара бөлүнүшүп отурсак, андай болбойт жигиттер. Эгер ушундай максатыңар болсо, мен экинчи силер менен сүйлөшпөйм” деп алардын суроосуна кесе жооп берди. 


***


Булардын бардыгы биз азыр классикалык мааниде улут болуп калыптана элек экенибизден кабар берет. Биздин ата-бабалар географиялык татаал шартта, аскасы бийик ашууларда, агыны катуу дарыялардан өтүп, жайдын толуп турган чагында эле анча-мынча катташпаса тыкыс байланыш болгон эмес. Ушундай шартта да айтылуу Алымбек датка “бир муштумга түйүлөлү, биригели!” деп келген. Ошондо көлдүн тыңчыкмалары Көтмалдыда (азыркы Балыкчы) чогулуп, Алымбек датканы тосуп алышат. Ошондо Садыр аке “Коконду бийлеп, колуңуздан иш келип турганда бул маселени көтөрбөйсүз, эми колуңуздан иш кетип, үзөңгүдөн бут тайып турганда биригели дейсиз. Бизде ар бир уруунун, ар бир айылдын өзүнүн ханы бар” деп жолго салган. Бирок, элдин бардыгы эле бирдей эмес да, келечекти ойлогон Жусуп Абдрахмановдой инсандар “бир эл, бир улут, өзүнчө республика болобуз” деп баштары кетти. 


Аркы-беркиге саресеп салып жүргөндөрдүн эсинде болсо керек, өткөн кылымдын аягында 1998- же 1999-жылдар бекен окумуштуу жана коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков түндүк-түштүк маселелеринде “бир жолу президент түндүктөн, кийинкиси түштүктөн болсун деп мыйзамдаштырып коюш керек” деп жазган. Мен ошондо “кыргыз саясатындагы карышкыр Сааданбеков мындай сөздү жөн жеринен айтпайт” деп материал жазган элем. Мына андан бери жыйырма жылдан көбүрөөк мезгил өтүп, саясый кырдаал ошого алып келип жатат. Анткени биз ротацияны региондорду жакындашына жагымдуу роль ойнойт деп жатпайбызбы. Ошондуктан Кыргызстандын президентин жана Бишкек шаарынын мэрин ротация жолу менен шайлоо жагымдуу таасирин тийгизет. Ошондон улам Ж.Сааданбеков “өңгөсүн айтпаганда да, Раззаковдун кадр саясатындагы ротация практикасы, региондор аралык саясаты, дүйнөлүк политология илимине алтын тамгалар менен жазылууга татыктуу” деп жазган. Демек, президент түштүктөн болсо, мэр түндүктөн, же тескерисинче болуу керек. Муну керек болсо Конституцияга киргизүү зарыл. Болбосо мына отуз жылдан бери мурда күчтүү идеологиянын күчү менен күбүр-шыбыр, араккана, пивокана, ашканада, тар чөйрөдөгү дасторкондо айтылып келсе, азыр сыртка калкып чыкты. Айкындуулук менен демократия бизде улам тамырлаган сайын бул козголо берет экен, келечек муунга да терс таасирин тийгизет. Ал эми мыйзам менен бекитип койсок, юридикалык күчкө ээ болот. Айрымдар “мындай болбойт” деши ыктымал. Эмнеге болбойт? Биз эгемен мамлекетпиз, биздин өзүбүздүн мамлекетке, тарыхый тагдырыбызга төп келген мыйзамдар болушу керек. “Тигинде жок, мында жок” деген болбогон сөз. “Ала качуу”, “мал уурдоо” ж.б.у.с. беренелер да башкалардын мыйзамдарында жок да. Биз мурда РСФСРдин ыйзамдары менен эле жашаганбыз. И.Раззаков 50-жылдары өзүбүздүн специфика менен менталитетке ылайык мыйзамдар болуш керек деп жан үрөп, мыйзамдарыбызды жаздырган. 


Эгерде биз ушуну ишке ашырсак, түштүктөн ким түндүктө кандай алгылыктуу, тарыхта кала турган иштерди жасады, кантип иштеди деп баа берүүгө болот. Же тескерисинче. Болбосо күбүр-шыбырлар жарылбаган жарадай болуп жүрө берет экен. Айталы, Султан Ибраимов Ошто кандай иштерди жасаганы, Абсамат Масалиев Көлдө кандай иштеди – азыркыга чейин аңыз болуп айтылып келе жатпайбы! 


5. Мындан кийинки өтө кооптуу маселе – дин маселеси. Он-он беш жыл мурда “Хизб-ут тахрир” деген радикалдуу агымдын мүчөлөрү аз санда, ондоп гана саналса, азыркы учурда аларга кошумча Афганистандагы окуялардан кийин Пакистан, Иран, Бангладеш, Индия ж.б. мамлекеттерден агылып келген “туристтер” жана “окуп” келишкен жигит-кыздар өтө радикалдашкан, алар азыр миңдеп саналат. Афганстанда талибандардын бийликке келиши биздегилердин да канын кызытууда. Кара чүмкөнгөндөр Бишкекте да толуп кетти. Биз динди ата-бабабыз тутунган эле деңгээлде тутунушубуз керек. Диний аалымдар, ошондой эле араб аалымдары да ушундай пикирде. Мен муну Меккеге үч ирет зыярат кылган жана арабдардын официалдуу жана аалым инсандары менен көп сухбатташкан адам катары айтып жатам. Бул маселеде Кыргызстандын муфтияты, аалымдар кеңеши, дин лидерлери жана мамлекеттик органдар биргелешип иштиктүү чара көрбөсө, аягы өтө жаман болушу турган иш. 


***


Элге билим берүү жана илим жаатында тез аранын ичинде радикалдуу өзгөрүүлөргө барышыбыз зарыл. Бизге жакынкы жылдарда канча мугалим (ар бир предмет боюнча) керектигин тактап, мурдакы педагогикалык окуу жайларды кайра калыбына келтирүүбүз керек. Болбосо бардык ЖОЖдор университет статусун алып, билимсиздердин чоң армиясын даярдадык. Кимге жолукпагын юрист, экномист же “международник” болуп чыгат. Биз болочок муундун тагдырын ойлоп, 25 жылга эсептелинген латын алфавитине өтүү планын иштеп чыгуу максатка ылайык келет. Аалам глобалдашып жатат. Мындан сыртта калбоону көздөгөн көп мамлекеттер эбак эле өтө башташты.

Орустардын кысымына карабай, Өзбекстан, андан кийин Казакстан (Каримов, Назарбаев) да өтө башташты.


Мектептерден баштап, орто жана жогорку окуу жайлардын окуу программаларынын стандарттарын башынан аягына чейин кайрадан карап, арзан жана жарашыктуу формага өтүү – мезгил талабы. Ал эле эмес, жогорку окуу жайларда да өз-өзүнүн бекитилген формалары болот. Эмесе жакында окуучулардын бир бөлүгү сабакка паранжа менен, экинчи жарымы жылаңач келиши толук ыктымал. Буга, албетте, кандайдыр бир каржы талап кылынбайт, негизгиси саясый эрк керек.


Илимдер академиясын түп-тамырынан реформалоо керектигин кечеги шайлоо дагы бир жолу тастыктады. 


6. Кийинки кезде мезгил-мезгили менен козголуп турган идеология тууралуу маселе кайрадан козголуп, “биз кандай мамлекет курабыз? Биздин идеология кандай болот?” деп аны тейлеген мамлекеттик катчыны да кийирдик. Убагында бул кызматты чоң интеллектуалдар О.Ибраимов, И.Абдуразаковдор аркалаган эле. Алардын убагында ондогон мыкчегерлер, кыргыздын кыйын чыкмалары Ысык-Көлдө, мамлекеттик резиденцияда жатып алышып, идеологиянын хартиясын жазышкан. 


Бизде акыркы отуз жылда элдин жарымы “бизге Советтер союзундагыдай күчтүү идеология керек” десе, экинчи жарымы “кереги жок” дейт. Идеология жалпак тил менен айтканда, идея – бул биздин ой, максаттарыбыз, келечек пландарыбыз: биз эмнени каалайбыз? Кандай коом курабыз? Ж.б. Ал эми идеология ошону политологияда, укукта, философияда, көркөм адабиятта, динде чагылдырып, изилдеш, окуш. Демек, бир топ адамдар чогулуп отуруп алып эле идеологияны жазып чыга албайт. Бизде кыска тарыхыбызда жогоруда айтылгандай андайлар көп эле болбодубу. Бирок элге сиңген жок. Кагазда, өтө кооз бойдон эле калды. Ошондуктан “идея качан элдин калың катмарына сиңгенде гана чоң материалдык күчкө айланат” деп Маркстын жазганы бар. Болбосо И.Раззаков доклад жасагандан кийин “чыгып эле тоону томкоруп жибергибиз келип калат эле” деп анын замандаштары айтып-жазып келишкен. Адилеттүүлүк менен айкындуулуксуз бир да программа, бир да идея ишке ашпайт. Муну биз басып өткөн азаптуу отуз жылыбыз даана көрсөттү. 


7. Кыргызстан мен билгенден союз учурунда жалаң дотация менен күн көрүп келсе, эгемендиктен кийин “чү” дегенден эле кредит, карыз менен жашап келебиз. И.Раззаковдун тушунда өкмөттү жетектеген К.Дикамбаевдин айтымында, 50-жылдардын ортосуна карата Украина менен Кыргызстан дотациядан чыккан. Демек, экономиканы, чарбаны уюштура билсе ийгилик болот экен да. Ал эми И.Раззаковдун үзөңгүлөштөрүнүн айтып-жазып кеткендерине караганда, эгемендүүлүккө умтулууну, эгемендик тууралуу идеяны да И.Раззаков баштаган. Бирок империянын чеңгелинде туруп, эгемендик тууралуу аракет кылам деп өзү кетти. Азыр эми кыргыздын эң алдыңкы уул-кыздары көксөп, көздөрүнөн учкан эркиндик келбедиби, биз анын чейрек кылымдан ашыгын жашап койбодукпу! Эми эки жагыбызды карап, жакынкы жана алыскы мамлекеттерге көз каранды болбой, мамлекетибизди оңдобойлубу? 


Кыргызстан төгөрөгү төп келген кичинекей гана өлкө. Ушул өлкөбүздү өз тарыхыбыздан алган сабактарды, тарыхый тагдыры окшош жакынкы мамлекеттердин тажрыйбасын, кала берсе Батыш менен Чыгыштын биздин мамлекетке туура келген алгылыктуу тажрыйбасын колдонуп, оңдоп кетсе болот, бизде азыр уникалдуу шанс бар.

Ал эми аракеттеги президент Садыр Жапаров жөнүндө кенен сөз алдыда болот. 


Жолборс Жоробеков, саясат таануучу


Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн