Бугу 07, 2024
Убакыт: 11:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Эгемендүүлүк алгандан бери абактан качкан канча кылмышкер учурда изделүүдө?

31.05.2022 14:09
502
Эгемендүүлүк алгандан бери абактан качкан канча кылмышкер учурда изделүүдө?


Эгемендүүлүк жылдары Кыргызстанда түрмөдөн эркинен ажыратылган 61 киши качкан, алардын үчөө азыр издөөдө. Бул туурасында Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.

Эгембердиевдин айтымында, бул мезгил ичинде жабык абактардан качкан 11 факт катталган.

"61 кишинин ичинен 40ы жердин алдын казып (үч факт) из жашырган, жетөө тосмону (4 факт) ашып, бирөө конвойдун кайтаруусунда жарандык сектордо дарыланып жатканда, 13ү башка кыдаалдарда качкан. Булардын ичинен № 50 түрмөдөгү эркинен ажыратылгандардын окуясы коомдук ири резонанс жараткан. Ошол 61 кишинин ичинен 58и кармалган, үчөө издөөдө", — деп айтып берди ЖАКтын жетекчиси.

Ал статистикага кирбей калган башка фактыларды да белгиледи. Алар эркинен ажыратылгандардын ичинен кайтаруусуз жүргөндөрдүн же анын бошотулганы туурасында токтомду жокко чыгаргандардын арасында болгондугун айтты.

"Эгерде жогорудагы жагдайлар кошо эсептелген жалпы статистиканы алсак, анда издөөдө 17 киши бар деп эсептесек болот", — деп кошумчалаган Эгембердиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн