Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте аскердик парад өтөт

21.07.2021 11:28
820
Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте аскердик парад өтөт

Куралдуу күчтөрдө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган парадка кызуу даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, министрдин орун басары, полковник Алмазбек Карасартов жеке курамдын жана бөлүмдөрдүн парадга даярдык деңгээлин текшерди.


Ала-Тоо аянтында 1373 аскер кызматкеринен турган 19 параддык эсеп, андан кийин КР Куралдуу күчтөрүнүн асердик техникасынын парады: 20 брондолгон унаа, 20 артиллериялык тутум, 27 унаа, 14 абадан коргонуу бөлүгү катышуусу күтүлүүдө.


Мындан тышкары, күч түзүмдөрү, ИИМ, ӨКМ бөлүмдөрү жана башка бөлүмдөр катышат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы белгиленет. Аскердик парад эпидемиологиялык кырдаалдын бардык талаптарын сактоо менен өткөрүлөт.


Акыркы аскердик парад 2016-жылы болгон. Парад Ала-Тоо аянтында өтүп, ага мамлекеттик жогорку кызмат адамдары катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн