Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 09:25
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте эл аралык айтыш өтөт

02.08.2021 09:57
1488
Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте эл аралык айтыш өтөт

30-31-август күндөрү Бишкекте XIV Эл аралык айтыш - 2021 иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдиришти.


Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган акындар сынагын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Республикалык "Айтыш" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.


Эгемендүүлүк майрамынан тышкары, бул иш-чара аталган фонддун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналат.


"Тандоо туру 20-августта "Манас" кинотеатрында өткөрүлөт. Казак тараптан сегиз, кыргыз тараптан сегиз акын катышары күтүлүп жатат", — деди уюштуруучулар.

Байге фонду 3 миллион сом.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн