Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат деген Тарых музейи жабык турат

02.09.2021 14:58
649
Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат деген Тарых музейи жабык турат

Бишкектеги Тарых музейи кирүүчүлөр үчүн качан ачылары белгисиз.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы агенттикке билдиргендей, музейди ачуу талкууланып жатат, бирок так датасы белгисиз.


Эскерте кетсек, музей 2016-жылы 25-майда оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерин жүргүзүүгө мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координациялоо (ТИКА) агенттиги тарабынан 15 млн доллар каржыланган, ал имараттын тышын жасалгалоого багытталган.


2018-жылы майда Жогорку Кеңештин депутаттары чыгымдардын, анын ичинде жыгач аттар 14 миң евродон, ал эми кийим илүүчү эмерек 142 миң еврого бааланганы көрсөтүлгөн сметалык баасы социалдык тармактарда жарыялангандан кийин музейде көчмө жыйын өткөрүшкөн.


Жаңжалдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иликтөөнү баштап, ал эми Башкы прокуратура музейдин имаратын оңдоп-түзөө үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Айыпталуучулардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дагы бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн