Аяк оона 14, 2024
Убакыт: 11:40
USD
84.40
84.90
EUR
93.00
94.00
RUB
0.920
0.955

Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт?

29.08.2024 11:31
200
Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт?


Мэрия Эгемендүүлүк майрамына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмесин жарыялады.


Свердлов району:

- 29-30-август күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында сүрөт көргөзмөсү болот;

- 31-августа саат 08:00дөн баштап Кара-Жыгач токоюнда ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, спорттук оюндар жана тамактануу зоналары уюштурулат.


Октябрь району:

- 31-августта Көк-Жар айылында концерт болуп, спорттук оюндар уюштурулат.


Биринчи май району:

- 31-августта Ак-Босого жаңы конушунда этникалык шаарча уюштурулуп, боз үйдүн жасалгасы, анын ички жасалгасы жана концерттик программа, улуттук тамак-аш, оюн-зоок, спорттук мелдештер уюштурулат.


Ленин районунда 31-августта өтчү иш-чаралар:

- Саат 16:00дө Фучик көчөсү, 18А үйүнүн жашоочулары үчүн бөлүнгөн оюн аянтчада иш-чара өткөрүлөт. Ар кандай оюндар уюштурулуп, майрамдык концерт менен коштолот;

- Саат 10:00дө "Люкс" эс алуу скверинде өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чаралар өтөт;

- Саат 15:00дө Ала-Тоо конушундагы балдар аянтчасында мектеп жашындагы балдар арасында футбол боюнча мелдеш болот;

- Саат 10:00дө №79 мектепте Арча-Бешик конушунун тургундарына концерт тартууланып, улуттук оюндар уюштурулат;

- Саат 17:00дөн 22:00гө чейин "Азия Молл" соода борборунун фасадында орус жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болот;

- Саат 11:00дө Ынтымак жаңы конушунда концерт тартууланат;

- Саат 14:00дө Жаш Гвардия менен Чүй проспектинин кесилишинде шаардык "Диалог" маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн