Борбор калаада Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка таянсак, мындай чечим экологияны коргоо жана чыгымды кыскартуу максатында кабыл алынган.
"Биринчиден, айлана-чөйрөнү коргоо максатында атылбай турган болду. Фейерверктен көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат. Ал эми катуу үнү канаттууларды, жаныбарларды чочутат, качырат. Салюттан соң көптөгөн таштанды калат. Экинчиден, саналуу мүнөттөргө эле созулган бул шоу аз эмес көлөмдөгү каражатты талап кылат, андан баш тартуу менен бюджетти үнөмдөйбүз", — дешти мекемеден.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн