Маараке Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт.
Салтанаттуу иш-чаранын программасы:
10:00 – 10:20 — Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи;
10:30 – 10:55 — Этнобазардын, кыргыз айылынын, ынтымак республикалык кароо-сынагынын жана улуттук спорт оюндарынын ачылыш аземи;
11:00 – 11:50 — Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи;
11:50 – 12:20 — ат чабыш, байге тапшыруу аземи;
12:30 – 16:30 — "Ынтымак" республикалык кароо-сынактары: кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы, күлазык, улуттук тамак-аш, элдик кол өнөрчүлүк, көркөм сүрөт өнөрү (кыргыз айылында улантылат);
12:30 – 17:00 — салбурун, күрөш, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш жана башка улуттук оюндар;
12:30 – 13:15 — Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерттик программасы;
13:20 – 14:30 — ат оюндары: кыз куумай, эр эңиш, эр сайыш, тыйын эңмей, ат үстүндөгү шамдагай жигиттер;
14:30 – 16:30 — "Ынтымак" республикалык кароо-сынактары: улуттук ырлар, улуттук кийим-кечелер;
15:00-16:00 — "Ынтымак" республикалык кароо-сынагы: боз үйдү тез тигүү
17:00 – 19:30 — салтанаттуу иш-чаранын жабылышы, "Ынтымак" республикалык кароо-сынагынын номинациялар боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи, гала-концерт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн