Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына Ош шаарында мамлекеттик туу алмаштырылды

27.08.2021 14:53
1257
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына Ош шаарында мамлекеттик туу алмаштырылды

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарынын борбордук аянтындагы негизги туу жаңыланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында жайгашкан бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда илинип турган мамлекеттик атрибуттарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Анын алкагында бүгүн, 27-август күнү, Ош шаарынын борбордук аянтында, мамлекеттик желекти жаңыртуу боюнча салтанаттуу иш -чара өттү. 


Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары жана мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.


Иш -чаранын жүрүшүндө Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан мамлекеттик желекти жаңылашты.


Ош шаарынын борбордук аянтындагы флагшток 2009 -жылы орнотулган, анын бийиктиги 42 м. Ал эми туунун туурасы 10, узуну 15 метр.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн