Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт

23.07.2021 09:39
1061
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган  Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт

22-августтан 31-августка чейин Ысык-Көл облусунунда Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда, өлкөнүн көз карандысыздык 30 жылдык мааракесине карата көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, мелдештер Кыргызстандын жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн клуб командалары арасында өткөрүлөт.


Бул мелдеш көк бөрү оюнун кеңири жайылтуу, андан ары өнүктүрүү, улуттук спортту жайылтуу жана эл аралык аренада достук мамилелерди чыңдоо максатында болуп өтөт.


Аталган улуттук оюн боюнча мелдеш, 26-августтан 31-августка чейин Ош облусунундагы Төлөйкөн ипподромунда дагы өткөрүлөт.

Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы көк бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн