Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:19
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак "Сармерден" оюну жыйынтыкталды (фото)

26.08.2021 09:06
1234
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак "Сармерден" оюну жыйынтыкталды (фото)

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыз - жигиттердин "Сармерден" оюну ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган казак кыздары менен кыргыз жигиттеринин ортосундагы "Сармерден" оюну ийгиликтүү жыйынтыкталды. 


Ага  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов катышты. 


Саамалыктын жүрүшүнө  коомдук- маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук да  күбө болду. 


Кыргыз жигиттери менен казак кыздарынын ортосундагы   оюнга атайын калыстар тобу түзүлүп,  Казакстандын жана Кыргызстандын эл артисттери  менен толукталды. 


Манас, төкмөлүк өнөр, ашыктык жана достук ырлары, бий, макал жана  жаңылмач айтуулар элдин бүйүрүн кызытып, иш -чара жогорку деңгээлде өттү. 


Сармердендин жүрүшү толугу менен КТРКнын "Маданият. Тарых.  Тил" каналы аркылуу жазылып алынды. 


Эске салсак, буга чейин 24- август күнү кыргыз кыздары менен казак жигиттери ортосунда айтыш өткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн