Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата аймактарда жана Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? (тизме)

19.08.2021 17:03
829
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата аймактарда жана Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? (тизме)

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 21-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө” № 177 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган ири иш-чаралардын тизмесин расмий жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


• Жалал – Абад облусу

Жалал- Абад шаары. Барпы атындагы Жалал- Абад облстук драма театры

 “Алтын өрөөн” кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин Фестивалы 

Башталышы: 20 август саат 10:00.


• Ысык- Көл облусу

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Борборук аянт:

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына, Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына, Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына, Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата маданий-массалык иш- чара  

Башталышы: 21 – август саат: 10:00.


• Нарын облусу

Нарын шаарындагы Т. Усубалиев атындагы эс алуу багы

Республикалык кол өнөрчүлөрдүн “Шырдак” жана “Оймо” фестивалдары

Башталышы: 23-25- август күндөрү, саат 12:00.


• Бишкек шаары

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы

1. Кыргыз-Казак улуттук көркөм өнөр чеберлеринин эл аралык “Сармерден” теле долбоору

Башталышы: 24-25-август, саат :18:00;


“Манас” кинотеатрында

2. Шамбала” толук метраждуу көркөм тасмасынын Улуттук премьерасы. (реж Артык Суюндуков, Т. Океев.атындагы Улуттук Кыргызфильм киностудиясынын өндүрүшү)  

Башталышы: 26 -август 18:00; 


Борбордук эски аянт

3. “Кыргызстан менин мекеним!” аттуу этностор аралык Достук фестивалы

Башталышы: 27-август 10:00.


• Талас облусу

“Манас ордо” улуттук комплексинде

“Урааным Манас!” аттуу театрлаштырылган салтанат

Башталышы: 29-август 20:00.


• Бишкек шаары 

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында

1. КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти

Башталышы: 30-31 август, саат 19:00;


 2. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына, Кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулу (Жеңижоктун) 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата, кыргыз-казак акындардын айтышы 

Башталышы: 30-31 август саат:18:00


• Ош облусу

Ош шаарынын Борбордук аянты

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына майрамдык салтанат

Башталышы: 31 –август, саат: 09:00.


• Баткен облусу

Баткен шаарынын борбордук стадиону

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына майрамдык салтанат.

Башталышы: 31- август 17:00.


Ошондой эле, Бишкек шаарынын Борбордук “Ала- Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына майрамдык салтанат өтөт.

Аянтта Аскер жана Эмгекчилер парады, театралдык оюндар, балдар коллективдеринин, кыргыз эстрадасынын, элдик чыгармачыл артисттердин катышуусу менен майрамдык концерт, жалпы элдик майрамдык сейилдөө, кыргыз жана чет элдик белгилүү сахна жылдыздарынын катышуусунда кечки программа уюштурулат. 

Башталышы: 31 - август, саат: 09:00.


А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Ак-Мөөр” опера-дастанынын премьерасы өтөт. 

Башталышы: 5- сентябрь, саат 18:00.


Мындан сырткары, 31-август күнү Чолпон-Ата ат майданында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине арналган “Көк бөрү” улуттук ат оюндары өтөт. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн