Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эгер Садыр Жапаров азыр деле мыйзам чегинде, акыйкат иш жүргүзсө, албетте, колдойм, - Жылдыз Жолдошова

15.06.2021 11:50
4888
Эгер Садыр Жапаров азыр деле мыйзам чегинде, акыйкат иш жүргүзсө, албетте, колдойм, - Жылдыз Жолдошова


— Кумтөр маселеси боюнча көптөгөн саясатчылар суракка чакырылып атат. Алардын арасында сиз дагы барып, күбө катары суралдыңыз. Ошол тууралуу айтып берсеңиз?

— Кумтөр боюнча 120 депутатты аскер прокуратурасы сурап атат окшойт. Мени деле көпчүлүк сыяктуу чакырып, 2013-жылы Садыр Жапаров башында турган Кумтөр боюнча токтомдун долбооруна эмне үчүн “макул” деген добуш бергенимди сурашты. Мен Садыр Жапаровду Кумтөр маселесин ийне-жибине чейин изилдеген депутат катары билем. Ал жетектеген комиссиянын токтомунун долбоору мамлекеттин кызыкчылыгына багытталгандыктан, мен аны колдогом (!) деген жоопту айттым. Болгону ушул.

— Мындан кийин да чакырса барасызбы?

— Мындан кийин дагы чакыра турган болсо, алардын суроолоруна жооп берүүдөн качпайм. Анткени биздин абийирибиз таза.

Азыр Кумтөрдүн тегерегинде көп сөздөр айтылып, айрым депутаттар дагы Центеррадан пара алып жүргөн дешүүдө. Сиз депутат болуп турган кезде парламенттин ичинде Центеррага адвокат болгондор тууралуу айтылып калчу беле?

— “Пара алды” делген адам качан колунан кармалганда гана күнөөлүү делип, жоопко тартылат. Биздин чакырылыштын депутаттарында андай факты болгон жок. Экинчиден, 120 депутаттын кимиси эмне кылып атканын биз көзөмөлдөй албайбыз. Анан эч кандай далили жок эле күмөн саноо менен камай берсе, бул жалаа болуп калат. Анүстүнө тергөө дагы ачык жүрбөй жатат. Сот журналисттердин катышуусу менен ачык өтсө болмок. Ошондуктан азыр Кумтөрдүн айланасында болуп аткан иштер бизге деле табышмак. Айтайын дегеним, баардык иштер мыйзам чегинде жүрүшү керек. Ошонун ичинде депутаттар дагы берген добушу, сүйлөгөн сөзү үчүн эч кандай куугунтукка кабылбашы шарт.

— Азыр камакта отурган саясатчыларга карата кандай пикир айтасыз?

— Садыр Жапаров өзү саясый куугунтукка кабылып, адилетсиз камалган эле. Бирок, азыр эмнеге Алмазбек Атамбаевдин “методун” колдонуп атканы мага түшүнүксүз. Экинчиден, биз билбейбиз чын-төгүнүн, анткени алар кайсы кылган кылмыш иши боюнча кармалганы тууралуу маалымат жок. Ошондуктан, азыркы камалып аткан саясатчыларга карата кандайдыр бир күмөн саноолор болсо, аларды үй камагына чыгарып деле сураса болот. Же сот процесси ачык өтүп, элге так маалымат беришсе туура болмок. Анткени, ар бир саясатчынын жана депутаттардын тарапташтары бар. Дагы бир толкундоолорго бийлик өзү жол бербеши керек.

— Сиз Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевди дайыма колдоп, пикирлеш катары жүрчү элеңиз. Эмнеден улам пикириңиз өзгөрүп, ортодо келишпестиктер орун алды? Сиздин жакындарыңызды дагы иштен алдыбы?Ушундай маалыматтар чыкты эле, чынбы?

— Эгер Садыр Жапаров азыр деле мыйзам чегинде, адилет, акыйкат иш жүргүзсө, албетте, колдойм. Мен жеке кызыкчылыкты эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга коюп келем. Ал эми саясатчылардын ортосунда келишпестиктер боло берет. Туура, мен “чек ара чыры болуп кетпесин” деген оюмду билдирип, суу жана энергетика маселесин Өзбекстан менен курууга каршы чыктым. Коңшу өлкөлөр менен болгон мамиле дипломатиялык жолдор менен чечилиши керек деген оюмду билдиргем. Ошондон кийин уулумду кызматтан алып койгондору анык. Бирок, убагында Атамбаевдин бийлиги Садыр Жапаровдун балдарын ур-токмокко алганда, Камчыбек Ташиевдин балдарын “дөңгөлөк уурдады” деп камап салганда, колуман келишинче мына ушул эки достун балдарын түрмөдөн чыгарууга бүт күчүмдү жумшагам. Ошондуктан үй-бүлө, бала деген ыйык нерсе. Үй-бүлөгө, балдарга тийбеш керек. Менин абдан чырылдап-чыйпылдап, “Садыр Жапаровдун бийлиги Отунбаеваныкындай болуп кара тактар менен калбаса, кан төгүүлөр болбосо экен” деп алдын ала айткан сөздөрүмдү эмнегедир Жапаров душмандын сөзүндөй кабыл алды. Бул албетте өкүнүчтүү.

Мен ачыгын айтайын, Садыр Жапаров менен мамилем бузулуп калат деп, же бир кичинекей эксперттик кызматты ээлеген уулумду жумуштан алып коёт экен деп, өз мамлекетиме, өз элиме чыккынчылык кыла албайм! Мен дайыма өз позициямды ачык-айкын коомчулукка жеткирип келгем жана да жеткире берем.

— Кумтөр маселеси боюнча соттошууга кандай ойдосуз? Жапаровдун бул кадамдарын дагы колдойсузбу?

— Кумтөр маселеси өтө татаал маселе. Анткен менен Кумтөрдү Садыр Жапаровдой ийне-жибине чейин изилдеген бир дагы депутат болгон эмес. Убагында Садыр Жапаровго Кумтөргө байланыштуу өтө чоң суммадагы пара сунушталган. Бирок, ал ага алданган эмес. Бул – чындык. Бирок, азыр комиссиянын башында турган Акылбек Жапаров Кумтөр маселесинде Кыргызстанды аңга түртөбү, же андан алып чыгып кетеби – аны айтуу кыйын. Анткени Акылбек Жапаров буга чейинки дагы комиссияларда мүчө болуп келген жана ал биз билбеген нерселерди ичинен билет.

Булак: “Азия Ньюс” гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн