Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:20
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Эгер маймылдардын акчасы болгондо, аялдар аларды деле сүйүшмөк...

22.05.2024 12:59
169
Эгер маймылдардын акчасы болгондо, аялдар аларды деле сүйүшмөк...


Акча үчүн жашаган кишилер – жаман кишилер. Акча үчүн жашагандан көрө, арак ичкен жакшы.

(Алексей Балабанов)


Өлгөн соң артында 10 миң доллар, же андан көбүрөөк акчасы калган ар кандай киши – жашоодон жолу болбогон киши.

(Эррол Флинн)


Акча үчүн дос болгон доско караганда, бекер душман артык.

(Кароль Бунш)


Түлкүнү короздун баасы канча турары кызыктырбайт.

(Азербайжан накылы)


Артыкбаш нерселерди сатып алган киши зарыл буюмдарын сатууга аргасыз болот.

(Бенджамин Франклин)


Сулуу, бай, акылдуу аялдарга сулуу, бай, келесоо эркек керек.

(Аркадий Давидович)


Мен кооз, анан кымбат нерселерди жакшы көрөм.

(Френсис Скотт Фицджеральд)


Болгариялыктар айтмакчы, эгер сен көйгөйүңдү акча менен чече албасаң, көбүрөөк акча менен чеч.

(“Ургаачы кара мышык жана эркек ак мышык” тасмасынан)


Тарых кайталанат: менин акчам дагы түгөндү.

(Салаяи Кожерский)


Интеллект – бул акчага сатып алса боло турган эң арзан товар.

(Дж.П.Данливи)


Искусстводо деле кедей байдын эчтекесин ала албайт, ал эми бай болсо кедейдин баардык нерсесин ала алат.

(Карл Краус)


Жыргал үчүн акча төлөш керек, болбосо жыргал таарынып, качып кетет.

(Дмитрий Нагиев)


Акчалуу болуш үчүн аялдарга эркек керек, ал эми аялга ээ болуш үчүн эркекке акча керек.

(Константин Мелихан)


Банкрот болуунун үч жеңил жолу бар: эң ылдам жолу – ат чабыш, эң жагымдуусу – аялдар, эң ишенимдүүсү – айыл чарбасы.

(Уильям Питт Амхерст)


Акчадан да маанилүү нерселер бар, бирок аларды акчаң жок болсо сатып ала албайсың. 

(Проспер Мериме)


Эгер джентльмен аялды “кымбатым” деп атаса, демек, ага арзаныраак аял керек экен.

(Константин Мелихан)


Эгер сен аялга акча берсең – бул достук. Эгер аял сенден акча талап кылса – бул сүйүү.

(Владимир Токмаков)


Мен байлардын бир гана нерсесин – акчасын жакшы көрөм.

(Нэнси Астор)


Достук менен акча – май менен суудай эле нерселер.

(“Крестный отец” тамсмасынан)


Акчасыз жашаш үчүн да акча керек.

(Оноре де Бальзак)


Акчаң жок болсо дээрлик акынсың.

(Михаил Векслер)


Курсагы ач армиянын духун көтөрүш үчүн курсагы ток королду көрсөтүш керек.

(Фридрих Великий)


Байлар акчаны маңдай тери менен тапкан жерде кедейлер уурулук кылганга туура келет.

(Цыгандардын накылы)


Акчаны акыл менен сарпташ үчүн адегенде акчаны акылга сарпташ керек болот.

(Леонид Сухоруков)


Акчаны жоготсоңор согуштар да жоголот.

(Квинтиллиан)


Аткаминерлердин акчасын хирург гана тартып ала алат.

(Михаил Задорнов)


Менде бир тыйын да акча болбойт. Эки-үч миллион гана болуп калат...

(Владимир Брынцалов)


Акча менен тамашалашпаш керек. Акчаң жок болсо андан бешбетер тамашалашпаш керек.

(Андрей Кнышев)


Акчасы бар, бирок мээси жок кишилер менен иш жасаган жыргал да.

(“Универ" телесериалынан)


Кумарың менен кеңешерден мурда капчыгың менен кеңеш.

(Бенджамин Франклин)


Сүйгөнгө жараша канышаны сүйүш керек, уттурганга жараша миллионду уттуруш керек.

(“Москва көз жашка ишенбейт” тасмасынан)


Бул фонтанды жасатканга 5 миллион акчам кетти. Андан болсо болгону 5 эле мүнөт ырахат алдым.

(Испан королу Филипп V)


Эгер маймылдардын акчасы болгондо, аялдар аларды деле сүйүшмөк...

(Анатоль Франс)


Өзүнүн самолету бар кишини аябай эле кой.

(“На грани” тасмасынан)


Акчага каршы акчасы жок күрөшпөш керек.

(Джон Стейнбек)


Байымайынча канча кедей туугандарың бар экенин билбейсиң.

(Орус накылы)


Салыкты өздөрү эч качан салык төлөбөгөн кишилер ойлоп табышкан.

(Айраб Байгилдеев)


Адамдардын көбү оптимисттерди каржылап атып, пессимист болуп кетишти.

(Ч.Т.Джонс)


Миллиондор – бул бизнес. Миллиарддар – бул саясат.

(Владимир Абрамов)


Бир мүшөк акча эки мүшөк чындыкты да жеңип кетет.

(Дания накылы)


Адамдар бай болгусу келбейт, башкаларга караганда байыраак болгусу келет.

(Джон Стюарт Милль)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн