Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Эгерде 1-чейректен кийин абал жакшырса, мектептер толук кандуу иштейт, - өкмөт башчы

19.08.2020 15:05
940
Эгерде 1-чейректен кийин абал жакшырса, мектептер толук кандуу иштейт, - өкмөт башчы


Эгерде биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, анда мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашыра алат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, өкмөт 1-сентябрдан тарта учурдагы кырдаалды эске алып, кадимки тартипте 1-класстын окуучуларын гана окутуп баштоону чечти. 


"1-класстын окуучулары тиешелүү санитардык талаптарды аткаруу менен окуусун салттуу түрдө башташат. Эгерде эпидемиологиялык абал жакшырса, анда мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашыра алат", - деди өкмөт башчы. 


Ал ошондой эле окуу жылынын башталышы менен коомдук унаанын иштөө графиги кайра каралып чыгарыларын белгиледи. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн