Эгерде жарандар тартиптерди сактабаса, анда биз кайрадан чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-июндагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, кээ бир жарандар санитардык-эпидемиологиялык тартиптерди сактоодон баш тартышууда.
"Жарандар беткап кийбей, аралыкты сактабай, коомдук жайларга байма-бай барышууда. Эгерде силер тартипти сактабасаңар, анда биз эртең кайрадан чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз. Беткап жана кол кап кийип жүрүү оор деле эмес", - деди Үсөнбаев.
15-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 87 учуру аныкталды. Муну менен республика боюнча жалпы 2372 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн