Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Египет: Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы алгачкы атаандаштарын жеңди

24.02.2023 16:09
340
Египет: Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы алгачкы атаандаштарын жеңди

Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.


Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды. Ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта германиялык Франци Рейделтти 11:0 эсебинде жеңип алды.


Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.


Эскерте кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло медаль уткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн