28-апрелде ”Манас” эл аралык аэропортунда Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамы 157 жүргүнчү менен учуп келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, COVID-19 вирусунун жайылышын болтурбоо максатында бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөр аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.
Эске салсак, буга чейин чартердик каттам менен учуп келген жарандарды “Ак Кеме” мейманканасына жаткырган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн