Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Екатеринбургда кыргызстандык аял депортацияланып, баласы ооруканада калган

08.02.2024 11:13
438
Екатеринбургда кыргызстандык аял депортацияланып, баласы ооруканада калган


Укук коргоочулар Кыргызстанга депортацияланган бир жарым айлык баланын энесин Орусияга кайтарууга жардам берүү аракетин көрүүдө. Бул тууралуу EAН билдирди.


Маселени чечүүгө облустагы адам укуктары боюнча комиссары Татьяна Мерзлякова кошулду.


«Абал оор. Апасы азыр оор оорулуу баласына кайтып келе албай жатат, ошондуктан ал юридикалык жардам алуу үчүн “Миграция жана укук” укук коргоо тармагынын юристи Ирина Некрасовага кайрылган. Чогуу иш кылабыз, кеңеш беребиз, жардам беребиз деп макулдаштык. Эң негизгиси баланы багып, апасына жардам берүүгө бел байлаган жакындары бар», - деди ал.


Буга чейин кыргызстандык аял Екатеринбургда баласын ооруканада калтырып, депортацияланганы маалымдалган. Болгону 1,5 ай болгон балага медайымдар жана ыктыярчылар жардам беришүүдө.


Ымыркайга тубаса инфекция деген диагноз коюлган. Активисттердин айтымында, анын апасы миграциялык режимди бузганы үчүн Орусиядан депортацияланган. Баланын атасы Свердлов районунда жашайт, бирок жумушуна байланыштуу күнү-түнү жанында болуп, ага кам көрө албайт. Социалдык тармактарда ыктыярчыларды чакырган жарнактар ​​жарыяланган.


Эскерте кетсек, бала Свердлов райондук балдар ооруканасында дарыланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн