Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Екатеринбургдан 22 кыргыз жараны алып келинди

22.05.2020 17:42
990
Екатеринбургдан 22 кыргыз жараны алып келинди


Екатеринбургдан 22 кыргыз жараны алып келинди. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.  


Маалыматка ылайык, 22-майда Кыргызстанга “Урал Авиалиниялары” авиакомпаниясынын “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс учуп келди.  Аны менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен 22 кыргыз жараны келди.  Алар оор илдеттерине, башынан өткөргөн татаал операцияларына жана чоӊ мөөнөттөгү кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгондор.


Негизи аталган рейс Кыргызстандан Россиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн Россия тарабынан уюштурулган. Эки өлкөнүн макулдашуусуна ылайык, аталган рейс менен Россиядагы кыргызстандыктарды ала келүү келишими орун алган.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн