Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Екатеринбургдан Бишкекке 186 кыргызстандык жаран келди

14.07.2020 09:43
1010
Екатеринбургдан Бишкекке 186 кыргызстандык жаран келди

Бүгүн, 14-июлда Россиянын Екатеринбург шаарынан Бишкекке 186 кыргызстандык жаран учуп келди.  Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, алар «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келишти.  Бул чартердик каттам КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн жана чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам мекенине келе албай жаткан жарандар үчүн ишке ашырылды.


ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн