Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Екатеринбургдан Ошко 219 кыргызстандык жаран келди

10.08.2020 12:24
900
Екатеринбургдан Ошко  219 кыргызстандык жаран келди


Бүгүн, 10-августта Ош шаарына «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын ЕкатеринбургОш багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 219 жараны кайтып келди. Алардын арасында эки жашка чейинки 12 бала бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, бул каттам менен Ошко Кыргызстанга кайтууга курч муктаждыгы бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Магнитогорск, Салехарда Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой, Надым, Курган жана Пермден кайтып келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда "Урал авиалиниялар" компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган, алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн