Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Эки айда 13 040 медицина кызматкери компенсациялык төлөмдөрдү алышты

16.06.2020 11:48
992
Эки айда 13 040 медицина кызматкери компенсациялык төлөмдөрдү алышты


Эки айда 13 040 медицина кызматкери компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева 16-июндагы брифингде айтты.


Анын айтымында, өзгөчө абал учурунда иштеген ак халатчандардын кошумча  төлөмдөрү берилүүдө.


“Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу, коронавирус илдети менен ооругандарды дарылоо жана алар менен контактта болгондорго байкоо жүргүзүү менен байланышкан иш-чараларды ишке ашырууда ишке тартылган медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн апрель жана май айларында ММК фондунун бюджетинен 132,3 млн. сом сарпталды. Эки айда 13 040 медицина кызматкери компенсациялык төлөмдөрдү алышты - деди Өскөмбаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн