Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Эки күрөшүндө атаандаштарынын желкесин жерге басып, Тынар Шаршенбеков финалга чыкты

19.04.2022 11:53
555
Эки күрөшүндө атаандаштарынын желкесин жерге басып, Тынар Шаршенбеков финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Тынар Шаршенбеков өзүнүн 63 кг салмагында мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Алгачкы индиялык балбан Ниражды 10:4 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.


Анда өзбекстандык Исломжон Бахрамов менен килем үстүнө чыкты. Алгач кыргызстандык балбан атаандашын көтөрүп чаап, беш упай топтой алды. Көп өтпөй өзбекстандык спортчу Шаршенбековдун белинен бекем кармап, эки-үч ирет оодарып жиберди. Эсеп 7:5ке айланды. Экинчи бөлүктө мекендешибиз Бахрамовдун далын жерге басуу аракети менен эсепти өз карамагына өткөрүп, 13:7ге өзгөрттү.


Тынар Шаршенбеков финалда казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен күрөшөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн