Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизип, эки министрликтин аталышын өзгөрттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эми Айыл чарба, токой жана суу чарба министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги деп аталып калды. Ал эми Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү министрлиги Инвестициялар министрлиги болот.
Жарлык башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында чыгарылып, жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирери айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн