Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 08:07
USD
87.30
87.80
EUR
94.90
95.90
RUB
0.995
1.035

Эки өлкөнүн ортосундагы соода алаканы 500 млн долларга жеткирүү макулдашылды - Эмомали Рахмон

Эки өлкөнүн ортосундагы соода алаканы 500 млн долларга жеткирүү макулдашылды - Эмомали Рахмон


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара соода жүргүртүүнүн көлөмүн 500 млн долларга чейин жогорулатуу боюнча макулдашылды. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Ынтымак Ордодо” өткөн эки тараптуу документтерге кол коюу учурунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.


Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын андан ары кеңейтүүнү камсыз кылуучу фактор катары өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.


“Перспективдүү өнөр жай тармактарында биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү практикасын улантууну сунуштадык. Учурда Тажикстандын аймагында кырктан ашык тажик - кыргыз биргелешкен ишканалары иштеп жатат. Агроөнөр жай тармагында, ошондой эле аймактардын деңгээлинде өз ара аракеттенүүнүн, кызматташтыктын зор потенциалын белгиледик”, - деди Рахмон.


Белгилей кетсек, Тажикстандын президентинин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарына чейин Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбеге расмий сапар менен барган. Мында да эки коңшу өлкөнүн 2021-жылдан бери начарлап кеткен соода байланышын 2030-жылга чейин бекемдеп, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 500 млн долларга чыгаруу пландалган.


Акыркы расмий маалыматтар боюнча учурда кыргыз-тажик соода алакасынын көлөмү 1,7 млн долларды түзөт. Өз учурунда Кыргызстан Тажикстанга күйүүчү май, көмүр, жер семирткич, азык-түлүк жана курулуш материалдарын экспорттоп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн