Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Эки жума иштеп, ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелген Дыйканбаев президентке кат жолдоду

08.06.2021 05:26
1858
Эки жума иштеп, ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелген Дыйканбаев президентке кат жолдоду

Ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалган Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев адвокат Кайсын Абакиров аркылуу президентке ачык кат жолдоду.


Анда Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыра турган кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы менен келишимди узартпай койгону үчүн камакка алынганын айткан.


Дыйканбаевдин жазганына караганда, кытайлык компания кепилдик акчаны төкпөгөндүктөн келишим узартылган эмес.


Катта президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун, президенттин Эрнис аттуу жардамчысынын, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) аты аталган.


Анын айтуусунда, кытайлык компания менен келишимди узартууну суранып Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттин Эрнис аттуу жардамчысы телефон чалган.


Жардамчы кытайлык компаниянын катына президенттин "аткарылсын" деп резолюция койгон кагазды көрсөткөнүн, бирок ал өкмөттүн да министрликтин да канцеляриясында жок болуп чыкканын жазган.


Дыйканбаев ар бир жыйналышта президенттин атына жамына берген кытайлык компанияга "керек болсо президент менен Министрлер кабинетинин төрагасы телефон чалса да, келишимди мындай түр менен узартпайм" деп, эң чоң ката кетиргенин жазган.


Адвокат Кайсын Абакировдун айтуусунда, кайсы бир күчтөр Дыйканбаевдин жыйналыштагы билдирүүсүнөн 15 секунддук сөзүн кесип алып, Жапаровго көрсөтүшкөн. Президенттик аппарат буга комментарий бере элек.


20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камалган.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Азамат
Куноосу болсо камаш керек акчаны жеегени анык болсо тыкыр козомолго алып аныктык киргизиш керек