Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:13
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Эки жума мурда абактан чыккан жаран күч колдонуу менен адам өлтүргөн

Эки жума мурда абактан чыккан жаран күч колдонуу менен адам өлтүргөн

Бишкекте абактан эки жума мурун чыккан жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран тарабынан күч колдонулуп, каза болгон адамдын сөөгүн табышкан.


Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ашкана бычагы табылган. Соттук-медициналык, биологиялык, дактилоскопиялык жана химиялык экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан анын ким экендиги аныкталып, жакын туугандары тарабынан таануу жүргүзүлгөн.


Видеобайкоо камералары менен кылмыш изи изилдене баштаган. Кызматкерлер “Коопсуз шаардын” камералары аркылуу издеп, шектүү жарандын изине түшкөн.


Милиционерлер 9-ноябрь күнү таңга маалда Бишкектин Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун 47 жаштагы Н.М. аттуу тургунун кармашкан. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Алгачкы тергөө иштерини жүрүшүндө экөөнүн ортосунда чыр чыгып, экөө мушташа кеткен. Шектүү маркумду бычак менен сайып, качып кеткендиги аныкталган.


Н.М. мурда эки жолу соттолуп, абактан чыкканына эки жума болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн