Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:51
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Экинчи жолкуда ишкерлер вице-мэр Орунтаев менен жолугушууга келишти

06.06.2023 16:06
300
Экинчи жолкуда ишкерлер вице-мэр Орунтаев менен жолугушууга келишти


Октябрь администрациясында борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Манас/Айтматов проспектиси жана Абдрахманов/Байтик Баатыр көчөлөрүнүн боюнда иштеген ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, жыйынга Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Уран Мусаев да катышты.


«Биз кирүү топторунун, көрнөк-жарнактардын жана башкалардын бирдиктүү дизайнын талкууладык. Жарандар сунуштарын, суроолорун беришти. Чогулгандардын суроолоруна вице-мэр жооп берип, өз алдынча чарбалык курулуштарга жана чатырларга жол бербөө боюнча жеринде тактоолор да берилди», - деп айтылат мэриянын маалыматында.


Эске салсак, бул мэриянын ишкерлер менен жолугушуусун экинчи жолу өткөрүү аракети. Биринчисине көпчүлүк келген жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн