Бугу 07, 2024
Убакыт: 17:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Экмат Байбакпаев: Тажикстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү керек

28.05.2020 12:56
1037
Экмат Байбакпаев: Тажикстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү керек


Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Экмат Байбакпаев Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган этникалык кыргыздарга материалдык көмөк көрсөтүү маселесин көтөрдү. Бул тууралуу кайрылуу аталган райондон Кыргызстанга көчүп келгендерден келип түшкөнүн маалымдады.


"Алар Тажикстанда калган туугандарына жардам берүүнү көздөшүүдө. Бирок кандай жол менен беришерин билбей жатышыптыр. Азыркы тапта пандемияга байланыштуу Жерге-Талда кырдаал оор. Район биздин борбордон да, Дүйшөмбү шаарынан да алыс жайгашкан. Ара жолдо калган элге кыйын кырдаалда гуманитардык жардам беришибиз керек", - деген депутат өкмөттү жана тышкы иштер министрин аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.


























Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Акылбек
Озубуздун элге жардам берип алгылачы
Амир
Эң туура маселени көтөрүп жатат. Бир боорлорго кол сунуш керек