Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Экологияга зыян келтиргендиги үчүн Сузактагы асфальт-бетон заводунун иши токтотулду

07.09.2022 11:38
476
Экологияга зыян келтиргендиги үчүн Сузактагы асфальт-бетон заводунун иши токтотулду

Сузак районунун Ынтымак айылына жакын жерде жайгашкан асфальт-бетон заводунун иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-сентябрында социалдык тармактарда аталган асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат чыккан.


“Маалыматтык кайрылуунун негизинде министрликтин мамлекеттик инспекторлору аталган заводго барып, текшерүүнүн жүрүшүндө түтүн кармоочу конструкциянын бузулушун аныкташкан”, - деп айтылат билдирүүдө.


Жыйынтыгында министрликтин өкүлдөрү газды чыпкалоочу фильтрлерди орнотуу боюнча буйрук жөнөтүп, заводдун иши токтотулган.


Ведомстводон белгилешкендей, ошондой эле асфальт-бетон заводунун жанында жайгашкан турак жайлар өнөр жай аймагында жайгашкан.


Белгилей кетсек, аталган асфальт-бетон заводу Сузак районунун Ынтымак айылына жакын жердеги өнөр жай зонасында жайгашкан жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалына карайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн