Бирдин айы 19, 2025
Убакыт: 11:30
USD
87.30
87.80
EUR
91.00
92.00
RUB
0.945
0.990

Экологиялык нормаларды бузгандар үчүн айыптар көбөйтүлдү

14.02.2025 16:37
226
Экологиялык нормаларды бузгандар үчүн айыптар көбөйтүлдү


Кыргызстанда 1-марттан баштап экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам күчүнө кирет. Тартип бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр экологиялык талаптарды сактабагандык үчүн айып пулдарды кыйла жогорулатат.


Экологиялык нормаларды бузгандарга төмөнкүдөй айып салынат:

- экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткандарга —15 000 сом (мурда 5 500 сом), юридикалык жактар үчүн — 30 000 сом (мурда 17 000 сом);

- фитосанитардык нормаларды бузгандарга — 10 000 сом (3 000 сом), юридикалык жактар үчүн — 28 000 сом (13 000 сом);

- уулуу калдыктарды сактоо жана ташуу эрежелерин бузгандарга — 10 000 сом, юридикалык жактар үчүн — 20 000 сом (жаңы берене).

- радиациялык коопсуздук нормаларын бузгандарга — 10 000 сом, юридикалык жактар үчүн — 20 000 сом (жаңы берене).

- рекультивация талаптарын аткарбагандарга — 20 000 сом (5 500 сом), юридикалык жактар үчүн — 65 000 сом (17 000 сом).

- жер казынасын пайдалануу эрежелерин бузгандарга — 13 000 сомдон 20 000 сомго чейин (5 500 сомдон 17 000 сомго чейин), юридикалык жактар үчүн — 35 000 сомдон 65 000 сомго чейин (17 000 сомдон 55 000 сомго чейин);

- айлана-чөйрө тууралуу маалыматты жашырып же бурмалагандарга —10 000 сом, юридикалык жактар үчүн — 20 000 сом (жаңы берене);

- экологияга зыян алып келчү таштандыны мыйзамсыз ыргытууга — 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин (мурда 3 000 сомдон 10 000 сомго чейин), юридикалык жактар үчүн — 10 000 сомдон 28 000 сомго чейин (5 500 сомдон 13 000 сомго чейин);

- сууну пайдалануу эрежелерин бузгандарга — 3 000 сом (1 000 сом), юридикалык жактар үчүн — 13 000 сом (5 500 сом);

- суу жеткирүү үчүн төлөмдөрдү кечиктирүү же төлөөдөн качуу — 5 500 сомдон 17 000 сомго чейин (3 000 сомдон 10 000 сомго чейин), юридикалык жактар үчүн — 10 000 сомдон 28 000 сомго чейин (5 500

- жапайы өсүмдүктөрдү жергиликтүү шарттарга көндүрүү жана жайылтуу нормаларын бузгандарга — 10 миң сомго, юридикалык жактар үчүн — 28 миң сом;

- токой экосистемасына пайдалуу фаунаны жок кылгандарга — 20 миң сомго жана 55 миң сомго чейин;

- токойду калыбына келтирүү жаатындагы нормаларды бузгандарга — 17 миң сом, юридикалык жактар үчүн — 35 миң сомго чейин.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн