Теке 03, 2024
Убакыт: 22:09
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Экономика министри Кытай элчиси менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулады

27.12.2022 20:13
278
Экономика министри Кытай элчиси менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулады

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.


Министр Амангелдиев 2022-жыл кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелери үчүн жагымдуу окуяларга бай болгонун, анын натыйжасында соода алакалары пандемияга чейинки деңгээлге жетип, өсүштүн оң динамикасы менен белгиленип жатканын айтты.


Экономика жана коммерция министрлигинин башчысы 2022-жылдын 19-декабрында СУАР Кытай Эл Республикасынын Элдик Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмей башында турган СУАР Кытай Эл Республикасынын делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарын канааттануу менен белгиледи.


Элчи Ду Дэвэнь соода-экономикалык кызматташтыктын өсүү динамикасы жана тараптардын делегацияларынын визиттеринин алмашуусу туруктуу улана берерине ишеним артты.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн