Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:57
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Экономика министри: Өлкөгө капиталдын кириши, акча которуулар 20 пайызга азаят

15.05.2020 08:34
988
Экономика министри: Өлкөгө капиталдын кириши, акча которуулар 20 пайызга азаят


Коронавирус пандемиясына жана ага ылайык киргизилген карантиндик чараларга байланыштуу бүткүл дүйнөдө экономикалык жигердүүлүк төмөндөдү, деп белгиледи экономика министри Санжар Муканбетов парламент жыйынында.


Муну менен катар министр, ар кандай баалоолордун негизинде 2020-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүш ыргагы 3%дан 10%га чейин, соода жүгүртүү 10%дан 32%га чейин кыскарарын кошумчалады.


"Эл аралык валюта фондунун божомолу боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшү жайлайт. Тагыраагы, Россиянын ички дүң өнүмү 5,5%га, Беларусияныкы 6%га, Арменияныкы 1,5%га, Казастандыкы 2,5%га төмөндөшү мүмкүн", - деди Санжар Муканбетов.


Министр өнөктөш мамлекеттердеги экономикалык абал Кыргызстанга да таасирин тийгизип, капиталдын кириши жана акча которуулар 20%га азаяры күтүлүп жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн