Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Экономика министринин эки орун басары алмашты

06.04.2022 15:43
445
Экономика министринин эки орун басары алмашты

Экономика министринин эки орун басары тең алмашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов жана дагы бир министрдин орун басары Элдар Алишеров кызматтарынан бошотулган.


Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-мартта кол койгон. Ал эми бүгүн, 6-мартта алардын ордуна дайындалган, министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов жана орун басар Вероника Исаеваны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев эмгек жамаат менен тааныштырган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн