Бугу 04, 2024
Убакыт: 16:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Экономика министринин орун басары IFC Түркия жана БА боюнча директору менен жолукту

12.09.2023 11:07
181
Экономика министринин орун басары IFC Түркия жана БА боюнча директору менен жолукту


Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Түркия жана Борбордук Азия боюнча директору Вибке Шлёмер жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инфраструктураны жакшыртууга багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмин колдонуу менен келечектүү долбоорлорду талкуулашты. Кыргызстандагы аэропортторду модернизациялоо жана күн электр станциясын куруу боюнча долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде К. Абдрахманов министрлик ар тараптуу кызматташууну чыңдоого өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Ошондой эле, министрдин орун басары IFC командасына салыктык башкарууну реформалоого жана уруксат берүүчү документтердин электрондук реестрин иштеп чыгуу аркылуу лицензиялык-уруксат берүү системасын өркүндөтүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле IFC каржы секторун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жатканын жана бүгүнкү күндө бул багытта жеке долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилей кетүү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жеке секторду каржылоо портфелин кеңейтүү максатында мындан аркы кызматташууну макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн