Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Экономика министрлиги кыргызстандыктар кантип онлайн казиного кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратыларын түшүндүрдү

30.10.2023 16:58
236
Экономика министрлиги кыргызстандыктар кантип онлайн казиного кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратыларын түшүндүрдү


Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсара Абдибаева бийлик Кыргызстандагы онлайн казинолорду жергиликтүү жарандарга кире албоо үчүн жаап салса болобу деген суроону койду.


Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замир Кожомуратов бул багытта Meta менен иштешип жатканын айтты.


Диалогго экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев аралашты. Ал онлайн акча менен иштөө үчүн банктар менен байланыш болуу керек экенин тактады.


«Мындай процессор бизде мурда болгон эмес. Эми РСК операциялык банк катары иш алып барат. Ал гана кире алат. Банк картасын алуу үчүн, каттоо талап кылынат. Ал жерде жасалма каттоого болбойт. Карта сөзсүз түрдө паспортуңузга байланыштырылат. Андыктан чет өлкөлүк жарандар гана каттала алат, ал эми Кыргызстандын жарандары каттала албайт”, - дейт Данияр Амангелдиев.


Эске сала кетсек, мыйзамга ылайык, кумар оюндарына Кыргызстандын жарандары, 21 жашка чейинки чет өлкөлүктөр, же компетенттүү эмес чет элдиктер катыша албайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн