Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Экономика министрлигине Wildberries менен иштеген жарандардын ишин жеңилдетүү тапшырылды

20.04.2022 11:24
498
Экономика министрлигине Wildberries менен иштеген жарандардын ишин жеңилдетүү тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экспортко багытталган жана IT ишканалар тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


«Биздин жолугушуунун максаты – көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун издөө. Министрлер кабинети “жашыл”, креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө багыт алды. Биз үчүн экспортту өнүктүрүү, өнөр жайды чыңдоо маанилүү. Алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүү үчүн биз сиздер менен тыгыз кызматташууга умтулабыз», - деди Бакыт Төрөбаев.


Кеңешменин жүрүшүндө «Лейлек» жана «Бишкек» эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери, бөтөлкөдөгү сууну маркировкалоо, жер казынасын пайдалануу укугуна жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдардын ставкасын төмөндөтүү, эл аралык логистика, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды.


Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана жүк ташуучулар ассоциациялары менен биргеликте эл аралык каттамдардагы логистикалык шарттарды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуусу жана президенттин администрациясына сунуш киргизүүсү тапшырылды.


Экономика жана коммерция министрлигине Wildberries маркетплейсте ата мекендик жеткирүүчүлөрдүн катталуусун жана толук кандуу ишин калыбына келтирүү маселесин, ошондой эле Кыргызстанга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.


Тиешелүү мамлекеттик органдарга «Лейлек» ЭЭА инфраструктуралык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн