Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Экономика министрлигинен башка министрликтерде кеңешчи жана жардамчылардын саны кыскарды

09.07.2021 10:44
1367
Экономика министрлигинен башка министрликтерде кеңешчи жана жардамчылардын саны кыскарды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аткаруу бийлигиндеги кеңешчилердин жана жардамчылардын санын кыскартты. Бул тууралуу токтомго 7-июлда кол коюлган.


"Жетекчинин эки кеңешчисинин жана эки жардамчысынын кызмат орду каралган Экономика жана финансы министрлигинен тышкары, Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, өзгөчө статусу бар мамлекеттик бийлик органдарында жана борбордук органдарында жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орду каралат.

Министрлер кабинетине караштуу администрациялык ведомстволордо жетекчинин бир жардамчысынын кызмат орду каралат. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет", - деп жазылат токтомдо.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн